Президент Садыр Жапаров “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууда сөз сүйлөдү

 Президент Садыр Жапаров “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууда сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Казакстан Республикасынын Астана шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында өтүп жаткан “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууда сөз сүйлөдү.

 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты:

 

“Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич,

 

Урматтуу делегация башчылары,

 

Жолугушуунун бардык катышуучуларын “ШКУ плюс” форматында көрүшкөнүмө кубанычтамын.

 

Бүгүнкү жолугушуу биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн дагы бир маанилүү кадам болот деп ишенем.

 

Албетте, биздин өлкөлөр эки тараптуу деңгээлде да, ошондой эле бир катар регионалдык уюмдар менен бирикмелердин алкагында кызматташтыкты чоң ийгилик менен өнүктүрүп жатышат.

 

Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы тыгыз диалог биз үчүн кошумча перспективаларды ачат деп ишенем.

 

Урматтуу жолугушуунун катышуучулары,

 

Азыркы дүйнөдө өз ара байланыш жана глобалдык чакырыктар шартында биз тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн көп тараптуу диалогду бекемдешибиз керек.

 

Бул бизге өз ара пайдалуу кызматташуунун оптималдуу жолдорун табууга, ошондой эле эч бир өлкө жалгыз чече албаган көйгөйлөрдү чечүү үчүн ресурстарыбызды, билимибизди жана тажрыйбабызды бириктирүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берет.

 

Биздин өлкөлөр коопсуздук, эгемендик, экономикалык өнүгүү маселелеринде жана биз үчүн маанилүү болгон башка кызыкчылыктарда бири-бирибизге ар тараптан колдоо көрсөтүүсү маанилүү деп эсептейм.

 

ШКУнун ишмердүүлүгүнүн негиз салуучу принциби – мүчө-мамлекеттердин тең укуктуулугу жана анын конкреттүү ишке ашырылышы катары консенсус жолу менен чечимдерди кабыл алуу жөнүндө жобо, аны мындан ары да Уюмда жетекчиликке алуу зарыл.

 

Жылдан жылга биздин Уюмдун географиялык мейкиндиги кеңейип жатканы кубандырат. Кызматташтыктын сан жагынан гана эмес, сапаттык жагынан да мазмундуулугу артууда.

 

“ШКУ үй-бүлөсү” бүгүнкү күндө дүйнөнүн 26 мамлекетинен турат, алардын 14ү диалог боюнча биздин өнөктөштөр болуп саналат.

 

Урматтуу кесиптештер,

 

Бүгүн биз дүйнөдөгү туруксуздуктун жана белгисиздиктин, диалогдун жана түшүнүшүүнүн курч тартыштыгынын күбөсү болуп жатабыз.

 

Тилекке каршы, учурдун жалпы чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип каршы туруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн ордуна, геосаясий тирешүүнүн күчөшү, бир тараптуу санкциялардын жана күч методдорунун колдонулушу, эл аралык укуктун ченемдеринин бузулушу байкалууда.

 

Бул чакырыктарга биздин биргелешкен жообубуз өз ара ишенимдин, өз ара пайданын, тең укуктуулуктун, бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуунун, тышкы дүйнөгө ачыктыктын, тирешүүдөн жана конфликттерден баш тартуунун негизинде кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү аркылуу “Шанхай духун” бекемдөө болуп саналат.

 

Биздин Уюм эл аралык укуктун ченемдеринин негизинде тынчтыкты орнотуунун адилеттүү, бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарына жооп берген көп полярдуу моделин түзүүгө багытталган.

 

ШКУ тирешүүнү эмес, кызматташтыкты, тынчтыкта жанаша жашоону жана биргелешкен өнүгүүнү билдирет.

 

Урматтуу катышуучулар,

 

Кыргыз Республикасы диалог боюнча өнөктөш өлкөлөр менен ШКУга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүнү дайыма колдоп келген. Биздин биргелешкен кызматташуу үчүн пайдаланылбай жаткан зор потенциалыбыз бар деп эсептейм.

 

Дал ушул себептен 2023-жылы ШКУнун саммитинде мен диалог боюнча өнөктөш өлкөлөр менен ШКУнун өз ара аракеттенүүсүн мындан ары чыңдоонун Жол картасын иштеп чыгууну сунуш кылдым.

 

Буга байланыштуу бир нече саат мурда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынынын жыйынтыгы боюнча тиешелүү Жол картасы бекитилгенин жагымдуу нерсе катары белгилеп кетейин.

 

Документте саясий диалогду бекемдөө, коопсуздук, экономика жана гуманитардык өлчөм чөйрөлөрүндө кызматташтыкты өнүктүрүү каралган. Ошондой эле ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын өнөктөштөр менен диалог боюнча өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иш-чаралар пландаштырылууда.

 

Тышкы иштер министрлеринин жана ШКУ иштери боюнча улуттук координаторлордун деңгээлинде биргелешкен жолугушууларды өткөрүү, ШКУга мүчө мамлекеттердин министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин кеңешмелерине, өкмөттүк эмес түзүмдөрдүн жыйындарына, илимий жана эксперттик жолугушууларга (форумдар, конференциялар, семинарлар) ШКУнун өнөктөштөрүнүн диалог боюнча өкүлдөрүн чакыруу өз ара аракеттенүүнүн саясий жолунда маанилүү деп эсептейм.

 

Коопсуздук чөйрөсүндө ШКУнун өнөктөштөрүн диалог боюнча коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна жана терроризмге каршы биргелешкен окууларга чакыруу, ошондой эле терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү маселелери боюнча ар кандай деңгээлдеги консультацияларды уюштуруу максатка ылайыктуу деп эсептейм.

 

Кыргыз Республикасы экономикалык жана гуманитардык өлчөмдөрдө диалог боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселесине өзгөчө маани берет.

 

Бүгүнкү күндө биздин өнөктөштөрдү соода, инвестиция, банк иши, транспорт, энергетика, ошондой эле маданий-гуманитардык, анын ичинде туризм жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга активдүү тартуу башкы милдет болуп саналат. Белгилүү болгондой, азыркы учурда долбоорлорду финансылык жактан коштоо үчүн ШКУ Өнүктүрүү банкын жана ШКУ Өнүктүрүү фондун (Атайын эсеп) түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

 

Келечекте диалог боюнча өнөктөштөрүбүздү бул түзүмдөрдүн ишине тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу максатка ылайыктуу деп ойлойм.

 

“ШКУ плюс” жолугушуусунун бул форматы ШКУ өлкөлөрү менен өнөктөш уюмдардын ортосунда тереңдетилген өз ара аракеттенүү үчүн таасирдүү аянтча болуп калат деп ишенем.

 

Көңүл бурганыңыз үчүн рахмат”.

Связанный пост