Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Бахрейнге келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу боюнча Бахрейн Падышалыгына расмий сапары менен келди.

Мамлекет башчынын учагы Манама шаарындагы «Бахрейн» эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропортто Кыргызстандын жана Бахрейндин мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Расмий сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа, Бахрейндин Консультативдик кеңешинин төрагасы Али бин Салех Аль Салех жана Королдуктун башка расмий өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөрү пландалууда.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн өз ара кызматташтыгын эки жакты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Ошондой эле Кыргызстан менен Бахрейндин ортосунда эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстандын президентинин Бахрейнге жасаган биринчи расмий сапары.

Связанный пост