Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Энелер күнүн менен куттуктады

 Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Энелер күнүн менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, кыргызстандыктарды Энелер күнүн менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Ардактуу асылзат апалар, мээримдүү энелер!

Кымбаттуу мекендештер!

Кылымдарды карыткан кыргыз эли эзелтен эле энелерди аздектеп сыйлап, ыйык тутуп келген. Азыр да аң-сезимибизде Умай эне, Жер эне, Эне тил жана башка энеге байланышкан эң бийик түшүнүктөр жашайт. Бүгүнкү күндө улутту улут кылып учугун улап келе жаткан бул энелер деп, эне болуу бактысына эгедер айымдардын баарына камкор мамиле уланып келе жатканы кубандырат.

Сиздерди бабалардан нарк болуп бизге өткөн энелерге сый-урмат кылуу салты катары бүгүнкү Энелер күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Ар бир коомдун жана мамлекеттин гумандуулугунун жана адилеттүүлүгүнүн чен-өлчөмү – бул биринчи кезекте аялга болгон мамилесинен жана көңүл буруусунан баамдалат. Нарк күтүп, сөз баккан, кеп кадырлаган калкыбызда, жалпы коомубузда асылзат энелерибиздин орду баа жеткис!

Биз коомдун өнүгүшүнө, өлкөнүн өркүндөп-өсүшүнө зор салым кошуп келе жаткан апаларга, жалпы эле аялзатына кам көрүүнү эртеңки келечегибизди аныктай турган негизги милдет деп билебиз. Мамлекетибиздин социалдык саясатынын эң маанилүү артыкчылыктуу багыты деп карайбыз.

Сүйүктүү апалар, кутман энелер, жалпы эле асылзат айымдар!

“Тегиңди сактайм десең уул тарбияла, улутту сактайм десең кыз тарбияла” деген накыл кепти туу тутуп, мамлекетибизге, эл-жерибизге акылын азык, каруусун казык кылып кызмат кылган уул-кыздарды жарык дүйнөгө алып келип, урпак улап, улут сактап келе жатасыздар!

Адамзаттын башына келген бактыны да, мүшкүлдү да көтөрө билген чексиз кенен жүрөгүңүздөрдү, керек болсо таш эритип, тоо кулаткан чексиз мээримиңиздерди эч бир жан тана албас.

Сиздердин жүрөгүңүздөрдүн тынчтыгы – өлкөбүздүн тынчтыгы!

Ар дайым жүзүңүздөрдөн нур жанып, үйдүн куту, турмуш туткасы болуп жүрө бериңиздер!”.

Связанный пост