Президент Садыр Жапаров Казакстанга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июлда Казакстанга барды.

Астана шаарынын эл аралык аэропортунда мамлекет башчысын Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров эл аралык көп спорттук “Келечек оюндары – 2026” мелдешинин ачылыш аземине катышат. Ошондой эле мелдештер өтө турган спорттук аянтчаларга барат.

Связанный пост