Садыр Жапаров Франция президентинин атынан расмий кабыл алуу иш-чарасына катышты

 Садыр Жапаров Франция президентинин атынан расмий кабыл алуу иш-чарасына катышты

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Парижде Франциянын Президенти Эммануэль Макрондун атынан мамлекет башчыларын жана биринчи айымдарды кабыл алуу иш чарасына катышты. Бул тууралуу КРнын Президентинин басма соз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета саммитинин» ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат.

Мындан тышкары Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Связанный пост