Президент Садыр Жапаров: “Азыркы геоэкономикалык дүйнөлүк тартип бизден өз ара жана тышкы сооданын көлөмүн сактоо жана көбөйтүү боюнча натыйжалуу чечимдерди ишке ашырууну талап кылат”

 Президент Садыр Жапаров: “Азыркы геоэкономикалык дүйнөлүк тартип бизден өз ара жана тышкы сооданын көлөмүн сактоо жана көбөйтүү боюнча натыйжалуу чечимдерди ишке ашырууну талап кылат”

“Азыркы геоэкономикалык дүйнөлүк тартип бизден өз ара жана тышкы сооданын көлөмүн сактоо жана көбөйтүү боюнча натыйжалуу чечимдерди ишке ашырууну талап кылат”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, Москва шаарында Жогоорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысынын сөзү:

 

“Урматтуу Мамлекет башчылары,

Урматтуу жыйындын катышуучулары,

Баарыңыздарга саламымды айтам, Москвада жылуу кабыл алгандыгы жана биздин ишибиздин жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн кымбаттуу Владимир Владимировичке ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер.

 

Жакында эле Москвада ыйык майрамда – Улуу Жеңиш күнүнө карата жолукканбыз.

 

Бүгүн Евразиялык экономикалык кеңештин быйылкы биринчи жыйынына жана Экинчи Евразиялык экономикалык форумга байланыштуу чогулуп жатабыз .

 

Евразиялык экономикалык форумдун иши евразиялык интеграциянын актуалдуу маселелерин жана анын өнүгүү келечегин талкуулоо үчүн жаңы диалог аянтчасы катары мындан туура бир жыл мурда Бишкекте башталган.

 

Ошондо мен бул формат ийгиликтүү болуп, эл аралык аренада өзүнүн татыктуу ордун ээлейт деген үмүтүмдү билдирген элем.

 

Кечээ биз Форумдун катышуучуларынын географиясынын кеңейгенине, конструктивдүү пикир алмашууга, жандуу диалогго күбө болдук.

 

Биз туура багытта бара жатканыбызга ишенем.

 

Форумдун ишинин жыйынтыгында евразиялык интеграцияны мындан ары өнүктүрүү боюнча жаңы биргелешкен ыкмалар пайда болорунан күмөн санабайм.

 

Урматтуу кесиптештер,

 

Заманбап саясий жана экономикалык олку-солку абал жаңы чакырыктарды жана сыноолорду өлкөлөргө гана эмес, интеграциялык бирикмелерге да алып келүүдө.

 

Бул жагынан алып караганда биздин бирикмени да тийип өттү.

 

Ошого карабастан, тышкы факторлордун терс таасирине карабастан, биргелешкен күч-аракет менен жетиштүү экономикалык активдүүлүктү сактаганга жетишип жатабыз.

 

Алсак, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Биримдикте айыл чарба продукциясынын көлөмү дээрлик 3% га өстү, курулуш иштерин аткаруунун көлөмү 9% га көбөйдү, ал эми негизги капиталга инвестициялар 4,3% га өстү.

 

Ушул жылдын январь – апрель айларында Кыргыз Республикасынын ички дүң продукциясынын көлөмү 4,4 пайызга, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4,6 пайызга өскөн.

 

Кыргызстандын тышкы соодасы 2023-жылдын январь-март айларында 25,4 пайызга өстү.

 

Биздин өлкөлөрүбүздүн жакшы координацияланган ишинин жана өз ара аракетинин аркасы менен биз Биримдиктин алкагында интеграциялык күн тартибин ийгиликтүү илгерилете алдык.

 

Евразиялык экономикалык интеграциянын 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча чоң аналитикалык жана прикладдык иштер аткарылды .

 

Аналитикалык отчеттордун учурдагы иштеп чыгууларын жана корутундуларын практикалык  деңгээлге которууну зарыл деп эсептейм.

 

Алардын айрымдары 2030-жылга жана 2045-жылга чейинки мезгилге интеграциялык кызматташтыктын жаңы стратегиясында чагылдырылышы керек.

 

Урматтуу мамлекет башчылары,

 

Бүгүнкү күндө биз өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана импортту алмаштыруу үчүн бекем негиз түзүп жатабыз.

 

Тармактардагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорго финансылык жардам көрсөтүү боюнча Союздук келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго кол коюу биргелешкен өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө, инвестициялык өсүштү стимулдаштырууга жана кошумча жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

 

Биз каржылоо булактарын, анын ичинде импорттук бажы алымдарын алуу аркылуу түзүлүп жаткан финансылык жардамдын механизмин андан ары кеңейтүүгө тийишпиз.

 

Бул инструменттин экономиканын башка тармактарында, мисалы, агроөнөр жай, транспорт жана логистикалык инфраструктура, инновация жана энергетикада кызматташуу долбоорлорун ишке ашырууну колдоо үчүн колдонсо болот.

 

Транспорттук-логистикалык инфраструктура чөйрөсүндө транспорттук коридорлордун, атап айтканда, Түндүк-Түштүк жана Чыгыш-Батыш багыттары боюнча жаңы инфраструктураны өнүктүрүү зарылчылыгына токтолгум келет.

 

Былтыр транспорт тармагындагы артыкчылыктуу инфраструктуралык интеграциялык долбоорлордун тизмеси бекитилген.

 

Узак мөөнөттүү перспективаларды эске алуу менен бул тизмени кеңейтүү, ошондой эле аларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн, анын ичинде каржылоо жагынан шарттарды түзүү боюнча ишти активдештирүү зарыл.

 

Ошол эле учурда ЕАЭБдин деңизге чыга албаган өлкөлөрүнүн транспорттук коридорлорго жеткиликтүүлүгүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурууну сунуштайм.

 

Ошол эле учурда жүктөрдү жеткирүүнүн ылдамдыгын жогорулатуу үчүн бардык жүк ташуу документтерин санариптештирүү менен мультимодалдык ташуулардын экосистемасын түзүү маанилүү деп эсептейм.

 

Урматтуу кесиптештер,

 

Азыркы геоэкономикалык дүйнөлүк тартип бизден өз ара жана тышкы сооданын көлөмүн сактоо жана көбөйтүү боюнча натыйжалуу чечимдерди ишке ашырууну талап кылат.

 

Мындай чечимдердин бири ЕАЭБдин ички чек араларында көзөмөл чараларын минималдаштыруу жана жөнгө салуунун ачык-айкындыгын жогорулатуу болуп саналат.

 

Бул максаттарда Биримдикте навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, күчүнө кирди, ал ошондой эле товарларды мыйзамсыз алып өтүү тобокелдиктерин жок кылат жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттеринин транзиттик жагымдуулугун жогорулатат.

 

Бул Макулдашууну ишке ашыруунун ийгилиги анда белгиленген максаттарга, анын ичинде таза бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, контролдук иш-чараларды өткөрүүдө ашыкча тоскоолдуктарды жана бюрократияны болтурбоого жетишүү менен өлчөнөт.

 

Биздин беш мамлекеттин өкмөттөрү бул максатка жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт деп ишенем.

 

Урматтуу мамлекет башчылары,

 

Биз оор мезгилди жана белгисиз тышкы экономикалык конъюнктураны башыбыздан өткөрүп жатабыз.

 

Бул мезгил өзгөрүүлөрдүн гана эмес, сектордук тоскоолдуктарды жана андан да көп тоскоолдуктарды жаратуунун эмес, өз ара колдоонун жана өз ара толуктоонун мезгили.

 

Өткөн жыл жалпы максаттарга жетүү үчүн кыйын кырдаалда канчалык бириге аларыбызды көрсөттү.

 

Муну макроэкономикалык туруктуулукту сактоо боюнча биргелешкен иш-чараларыбыз далилдеп турат.

 

“Дарылоодон көрө алдын алуу жакшы”,- дегендей, бири-бирибизден алыстап кетүү оңой, кийин кайра бири-бирибизге ачылышыбыз кыйын болуп калат.

 

Тажрыйба жана зарыл маалыматтарды алмашуу жолу менен биздин мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү зарыл деп эсептейм.

 

Ошону менен бирге Комиссия мамлекеттик органдарга бирдиктүү жөнгө салуу колдонулган чөйрөлөрдө тоскоолдуктарды аныктоодо жана алдын алууда, ошондой эле улуттук кызматтардын жана органдардын потенциалын чыңдоо боюнча иштерди жүргүзүүдө көмөк көрсөтүшү керек.

 

Бул ыкма тосмо чыңалуунун деңгээлин төмөндөтөт деп ишенем.

 

Биримдикте «төрт эркиндикти» камсыз кылуунун алкагында жагымдуу шарттарды түзүү жолундагы эң маанилүү багыт миграция чөйрөсү болуп саналат.

 

Биздин өлкөлөрдүн иштеген жарандары Биримдикке мүчө-мамлекеттердин кайсынысынын аймагында болбосун эмгек укуктарын ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген шарттарга ээ болушу керек деп эсептейм.

 

Заманбап технологиялар жарандарыбыздын жумушка орношкон учурда талап кылынган административдик жол-жоболордон өтүүсүн кыйла жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.

 

Жарандарга башка өлкөдө ишке орношуу үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди электрондук форматта, анын ичинде жарандыгы болгон өлкөдө болуп жасоо мүмкүнчүлүгүн берүү зарыл.

 

Биринчи кадам катары Россия Федерациясында болуу үчүн кеткен жумушчунун өз өлкөсүндө өткөн медициналык текшерүүлөрүнүн жыйынтыгын “Ковидсиз саякаттайм” тиркемесине окшоштуруп таануу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу сунушталууда. Анын функцияларын кеңейтип, жаңы муктаждыктар үчүн колдоно алса болот.

 

Урматтуу жыйындын катышуучулары, сөзүмдү жыйынтыктап жатып, баарыңыздарга конструктивдүү ишиңиздер үчүн ыраазычылык билдиргим келет жана россиялык тарапка жана жеке Владимир Владимировичке Россиянын Биримдиктин органдарында төрагалык кылуу жылынын ийгиликтүү өтүшүн каалайм.

 

Биз 29-майда белгилей турган Евразия экономикалык биримдигинин күнүнүн алдында, Евразия экономикалык биримдиги өзүнүн натыйжалуулугун жана компромисстик чечимдерди табуу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүнү улантып жатканын белгилегим келет.

Бизге Биримдиктин мамлекеттеринин башчылары катары биздин мамлекеттерибиздин жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн бирикмебизди өнүктүрүү жана чыңдоо калды!

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!”.

Связанный пост