Президент: “Нарын” жана “Казарман” аэропортторунун ишке киргизилиши менен Кыргызстандын бардык аэропорттору жандандырылып, иштей баштайт

“Нарын” жана “Казарман” аэропортторунун ишке киргизилиши менен Кыргызстандын бардык аэропорттору жандандырылып, иштей баштайт”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында “Нарын”, “Казарман” аэропортторунун ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу нарындык агайын-туугандар!

Тогуз-Торо районунун кымбаттуу тургундары!
Кыргыз авиация тармагынын өкүлдөрү жана
кадырлуу меймандар!

Бүгүн биз Нарын облусунун жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жергиликтүү эли үчүн, дегеле жалпы өлкө үчүн маанилүү окуянын күбөсү болгону турабыз. Нарын облусу менен Тогуз-Торо районунун өнүгүшү жана жергиликтүү элдин ыңгайлуулугу үчүн “Нарын” жана “Казарман” аэропортторунун ишмердигин кайрадан жандандыруу максатында реконструкцияланган аэропортторду саналуу көз ирмемдерден кийин ачабыз.

Аталган аэропортторубуздун иши илгерилеп, асманыбыз ар дайым ачык болсун! Ошондуктан мен баарыңыздарды бүгүнкү салтанат менен чын дилимден куттуктап кетейин.

Урматтуу мекендештер!

Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон биздин шартта аба каттамы дүйнө өлкөлөрү менен алака-катышыбызды арттырууда зор роль ойнойт.

Бул багытта “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому бүгүнкү күндө жигердүү өнүгүү жолунда баратат. Уюштуруу-башкаруу түзүмү жакшырып, өлкө боюнча аэропортторубуздун инфратүзүмү жаңыланып, маршруттук тармак кеңейүүдө. Ошону менен катар эле аэропортторубуздун ишмердүүлүгү ар тараптуу өнүгүүдө.

Натыйжада Кыргызстандын авиация тармагынын ишмердиги кайра жаралууда. Өзүңүздөр билгендей, “Талас” аэропорту өткөн жылдын май айында ишке берилсе, “Каракол” эл аралык аэропорту өткөн жылдын соңунда ачылды. “Ош” жана “Тамчы” аэропортторунда жүргүнчүлөр терминалдары курулууда, “Манас” аэропортунда учуп-конуу тилкеси жаңыланып, аэровокзал кеңейүүдө.
Быйыл кыргыз авиация тармагында дагы бир жаңы барак ачылды: эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу “Жалал-Абад” эл аралык жаңы аэропортунун курулушу башталды.

Кадырлуу агайын-туугандар!

“Нарын” жана “Казарман” аэропортторун реконструкциялап, ишке киргизүү бактысы бүгүнкүгө буюрган экен.

Совет доорунда курулган аэропортторубуз ошончо мезгилден бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Кезинде жашоо турмуш жагдайына байланыштуу, жүргүнчүлөрдүн жоктугунан аба каттамы азайып, “Нарын” аэропорту 1999-жылдан тарта ишин токтоткон экен.

Буюрса, бүгүнтөн тарта Бишкек – Нарын — Бишкек аба каттамы расмий ишке кирип, чейрек кылымдан кийин “Нарын” аэропорту жанданып олтурат. Эми күркүрөп аккан Нарын дайрасынын шоокумуна Теңир-Тоого каттаган учактардын добушу кошулат.

“Нарын” жана “Казарман” аэропорттору тоолуу аймактардын транспорттук түйүнү болуп саналат. Бул аэропорттор Нарын облусунун, Тогуз-Торо районунун жашоочуларын бүткүл Кыргызстандын жашоочулары менен алака-катышын арттырууга чоң салым кошот десек болот.

Аталган аэропорттордун кайра ишке кириши менен тоолуу региондорубуздун транспорттук инфратүзүмү жакшырып, инвестициялык аброю артат. Ошондой эле чет элдик ишкерлердин, туристтердин Нарын, Тогуз-Торо дубанына ыкчам, ыңгайлуу жетишине өбөлгө түзөт. Ошентип, бул обочодогу облус менен алыскы районго социалдык, экономикалык жактан чоң пайда алып келет.

Бул аэропорттордун тейлөө жөндөмдүүлүгү саатына 100 жүргүнчүгө чейин көбөйдү. Аэробекеттер жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн жаңы жабдуулар менен камсыз болду. Мындан сырткары, аэродромду эксплуатациялык абалда кармап туруу үчүн атайын техникалар сатылып алынды.

Ачылып жаткан эки аэропорттогу аткарылган иштердин баары “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын өздүк каражатынын эсебинен жүргүзүлгөнүн баса белгилеп айта кетишим керек. Бул компания жогоруда айтылган ири масштабдагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга жалпы 8 млрд 175 млн сом каражат бөлдү. Жүргүнчүлөрдү тейлөө инфратүзүмүн жакшыртуу максатында атайын техникалар жана жабдуулар жалпы суммасы 3 млрд 356 млн сомго алынды. Бул биздин авиация тармагыбыздын өз алдынча ийгиликтүү иш алпарып жаткандыгын көрсөтүп турат.

Мындан тышкары, “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому өз каражаттарынын эсебинен өлкөнүн авиация паркын жаңы аба кемелери менен толуктап, “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы үчүн “Бомбардиер Даш-8” (Bombardier DASH 8 Q400) үлгүсүндөгү үч аба кемесин сатып алууга жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сом бөлгөн.

Ошондой эле эмки жылга дагы бир “Бомбардиер Даш-8” үлгүсүндөгү учакты, ал эми эл аралык каттамдарды аткаруу үчүн “Боинг” же “Эйрбас” сымал чоң учактарды сатып алуу пландалган. Мындай учактардын ишке кириши менен ички каттамдардын туруктуулугу жана жеткиликтүүлүгү бекемделип, эл аралык каттамдардын саны кескин көбөйөт.

“Бомбардиер Даш-8” учагы менен Бишкек-Нарын-Бишкек жана Бишкек-Казарман-Бишкек каттамын үзгүлтүксүз жүргүзүү мерчемделүүдө.

Жогоруда тизмектелген иштердин бирден-бир максаты — ар бир жарандын бейпил жашоосуна, өсүп-өнүгүүсүнө жана алдыга жылуусуна шарт түзүү. Мындай максаттарыбызды иш жүзүнө ашыруу менен жарандар үчүн ыңгайлуу, туристтер үчүн жагымдуу, өнөктөштөр үчүн ачык өлкөнү – жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратканыбызды далилдейбиз.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргызстан авиация жаатында эл аралык деңгээлде да ишенимдүү кадамдарды таштап жатат. Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча акыркы этапка келдик. Алдыда, 7-октябрда биздин Жарандык авиация агенттигинин делегациясы Брюсселде Еврокомиссия менен маанилүү жолугушуу өткөрөт. Андан кийин акыркы аудит 2025-жылдын декабрында болот.

Ошентип 2006-жылдан бери жабык турган Европа асманы Кыргызстан үчүн кайрадан ачыларына биз бекем ишенебиз. Биздин аэропортторубуз Европа өлкөлөрүнө 20 жыл бою жабык туруп, эми Кудай буюрса, мына кайрадан ачылат. Бул өлкөбүз Европа өлкөлөрүнүн миллиондогон туристтери үчүн жеткиликтүү болот дегенди билдирет. Буюрса, Кыргызстан таза табиятты, көөнө маданиятты жана жаңы багыттарды жогору баалаган ири рынокко чыгат.

Ошондой эле 20-августта Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын Нарын облусунан өтө турган жаңы аба жолу боюнча келишимге кол коюлганын белгилей кетейин. 30-октябрда бул аба трассасы иштей баштайт. Натыйжада Кашкардан Борбор Азиянын бардык аэропортторуна чейинки аралык эки эсеге кыскарат. Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгү кеңейет жана өлкө стратегиялык көпүрөгө айланат. Бүгүнкү күндө Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы менен бул коридордун мааниси мындан да жогорулайт.

Бүгүнкү салтанаттын урматтуу катышуучулары!

“Нарын” жана “Казарман” аэропортторунун ишке киргизилиши менен Кыргызстандын бардык аэропорттору жандандырылып, иштей баштарын баса белгилеп айта кетейин.
Бүгүнкү “Нарын”, “Казарман” аэропортторунун ачылышы жана ырааттуу учак каттамдарынын калыбына келтирилиши – Кыргыз Республикасынын өнүгүү жолунда бараткандыгынын дагы бир далили, калкыбыздын өзгөчө муктаждыктарынын чечилип жаткандыгынын айкын мисалы.

Мындан улам, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда бүгүнкү маанилүү долбоорго катышкандардын баарына ыраазычылык билдирем. Биз өлкөбүздүн келечегин – жаңы Кыргызстанды куруу жолунда бирге баратабыз!

Урматтуу агайын-туугандар!

Бул чөлкөмдүн туризм тармагынын өнүгүшү үчүн аба дарбазасы боло турган “Нарын”, “Казарман”аэропортторунун ачылышы баарыбызга куттуу болсун!

Жаңы аэропорттор тоолук мекендештерибизге көп жыл бою кызмат кылсын!”

Связанный пост