Президент МИКтин 10 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борборун көрүп чыкты жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысы жаңыланган жатакананы жана ашкананы, курулган коттедждерди кыдырып көрдү.

1969-жылдан бери ден соолукту чыңдоо борбору жалаң гана жай мезгилинде иштеп, өлкөнүн бардык аймактарынан балдарды кабыл алчу.

Садыр Жапаров бул борбор өз кезегинде өлкөдөгү алдыңкы лагерлердин бири болгонун белгиледи. Бирок мамлекеттик менчикте турган көптөгөн ден соолукту чыңдоочу жайлар сыяктуу эле, акыркы 30 жылда кароосуз калып, чыгашалуу мекемелердин бирине айланган.

Мындай объектилерди калыбына келтирүү үчүн Президенттин Иш башкармалыгына караштуу атайын бөлүм – Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектилердин ишин башкаруу боюнча дирекция түзүлгөн. Бул дирекция “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Жалал-Абад”, “Жети-Өгүз”, “Ысык-Ата” жана “Улан” балдар ден-соолугун чыңдоочу борбору сыяктуу обьектилерди өткөрүп алып, четинен толугу менен оңдоп-түзөп, модернизациялоону баштады.

Эми Садыр Жапаров белгилегендей, “Улан” жөн гана жайкы лагерь эмес, жайында өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунан келип балдардын эс алуусуна жана саламаттыгына шарт түзө турган, калган мезгилде спорттук жыйындарды, машыгууларды жана маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бере турган заманбап жай.

2024–2025-жылдары борбордун аймагында масштабдуу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Үч кабаттуу жатакана толугу менен реконструкцияланды, барнхаус стилиндеги 17 коттедж жана а-фрейм стилиндеги 2 коттедж курулду.

Борбор заманбап эмеректер жана керектүү жабдуулар менен жабдылган, спорттук аянтчалар, чакан футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары, бассейн, 700 метрлик чуркоо жолу, теннис корттору жана балдардын ойноо аянтчалары жасалган, жаңы конференц-зал курулган, аймак комплекстүү түрдө көрктөндүрүлгөн.

“Таалим-тарбия, билим берүү менен катар балдарыбыздын ден соолугуна да кам көрө беришибиз керек. Ага бүгүн ачылышын жасап, пайдаланууга берип жаткан “Улан” ден соолукту чыңдоо борбору айкын мисал.  Дал ушул борбор далай-далай жаштарыбыздын ден соолугун чыңдоого, акыл-билимин арттырууга, шык-жөндөмүн ачууга жана талантынын ташкындашына өбөлгө болсун!”, – деди Мамлекет башчысы.

Андан кийин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Садыр Жапаров уставдык капиталын 10 млн сом менен баштаган бул компания бул мезгил аралыгында бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн, бирок батирлерде баш калкалап күн өткөргөн жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө умтулуп келгенин эске салды.

2021-жылы “Менин үйүм – 2021-2026” программасынын алкагында “Жеңилдетилген ипотека”, “Арзан ипотека”, “Социалдык ипотека” багыттары ишке киргизилди. Компаниянын ишмердигин арттыруу максатында ал Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Садыр Жапаров мурда компания коммерциялык банктар менен өнөктөштүк аркылуу гана турак жай сатып алууну каржылап, өз фондусунан турак жай бөлүштүрүүгө катышпаганын баса белгилеп өттү. 2021-жылдан тарта компания турак жай комплекстерин курууну колго алган.

Алгачкы этапта Бишкек шаарында, андан кийин Жалал-Абадда үйгө муктаж 3251 жаранга батир тапшырылган.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 87,5 млрд сомду түзөт. Ушул убакка чейин компания 13 850 үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылды.

Мамлекеттик турак жай программасынын алкагында учурда 100 миңге жакын жаран кезек күтүүдө.

“Демек, жеткиликтүү турак жай программабыз ийгиликтүү ишке ашып жатат десек болот. Бул дагы элдин мамлекеттик бийликке болгон ишеними өсүп жатканын тастыктайт. Жарандарыбыздын турак жай көйгөйүн чечүү үчүн бүгүнкү күндө 70 миңден ашуун батир курулуп жатканын баса белгилей кетейин”, – деди Президент.

Ал ошондой эле бүгүнкү иш-чара Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 10 жылдык мааракеси эле эмес, үйгө муктаж ар бир жараныбыздын жеткиликтүү жана татыктуу турак жайга ээ болушуна жол ачкан жаңы доордун башаты экенин баса белгиледи.

“Азыр биздин алдыбызда чоң-чоң пландар менен чоң-чоң милдеттер турат. Жогоруда аталган программанын алкагында каржылоо механизмдерин кеңейтүүбүз, үлүштүк курулушту мындан ары өнүктүрүүбүз зарыл. Ал эми көп балалуу үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жаш адистерге социалдык ипотеканы жылдык 4% менен жана баштапкы төлөмсүз берүүгө жетишели деп жатабыз. Мындай жеңилдик мамлекеттик кызматкерлер менен социалдык тармактагы кызматкерлерге дагы каралат”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал жеке жарандар үчүн жеткиликтүү ипотеканы жылдык 8% менен баштапкы төлөмсүз берүү пландары тууралуу кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында ипотекалык компаниянын, финансы мекемелеринин жана курулуш компанияларынын кызматкерлерине он жыл бою Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгына биргелешип кызмат кылгандары үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге, мамлекеттик программаларга ишеним артып, активдүү катышып жаткан ар бир жаранга да ыракмат айтты.

Связанный пост