Президент Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында байгелүү орундарды багындырган кыргыз балбандарын куттуктады

 Президент Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында байгелүү орундарды багындырган кыргыз балбандарын куттуктады

Президент Садыр Жапаров Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында байгелүү орундарды багындырган кыргыз балбандарын куттуктады. Мамлекет башчысы өз билдирүүсүндө кыргыз балбандары мыкты күрөшүп, дайыма алдыңкы орундарды алып келе тургандыгын жазды.

“Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында спортчуларыбыздын бир тобу байгелүү орундарга ээ болгонуна кыргыз эли сүйүнүп, бири-бири менен кубанычтарын тең бөлүшүүдө. Бул кубанычты тартуулагандар: алтын байге ээлери — Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков жана алтынга тете күмүш алган Үзүр Жусупбеков, коло байге ээлери — Роман Ким, Раззак Бейшекеев жана Адилхан Нурланбеков. Бул да болсо кыргыз спорту өнүгүп жатканынан кабар берет. Балбандарыбызды бул жеңиши менен жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктаймын! Ошону менен бирге алдыда килем үстүнө чыгып, өлкө намысын коргой турган кыздарыбызга ийгиликтерди каалап кетмекчимин”, – деп белгиледи Президент.

Связанный пост