Президент энергетикалык суусундуктарга тыюу салууну тапшырды

 Президент энергетикалык суусундуктарга тыюу салууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин 1 айлык мөөнөттө карап чыгууну, 6 ай аралыгында мыйзам алкагында жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Президент белгилегендей, энергетикалык суусундуктардын кесепеттери тууралуу кайрылуулар түшүп, бул маселе Жогорку Кеңештин трибунасынан да көтөрүлгөн.

Өлкөнүн генофондун уулап жаткан бул жагдайга каршы кескин чара көрүү үчүн президенттин администрациясынын тармактык бөлүмдөрүнө маселени тыкыр талдап чыгуу тапшырылган.

“Жүргүзүлгөн талдоого ылайык, 2025-жылы өлкөдө энергетикалык суусундуктарды ички керектөөнүн көлөмү 54 млн 199 миң литрди түзгөн. Бул болжол менен 129 млн банкага барабар. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында керектөөнүн көлөмү 36 млн 83 миң литрге же болжол менен 85 млн 900 миң банкага жеткен. 2025-жылы Кыргызстанда 25 млн 263 миң литр энергетикалык суусундук өндүрүлгөн. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 28 млн 430 миң литр, ал эми үчүнчү өлкөлөрдөн 1 млн 239 миң литр алып келинген. Бул тармактан түшкөн салык жана бажы төлөмдөрү 2025-жылы 1 млрд 104 млн 100 миң сомду, ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 996 млн 710 миң сомду түзгөн”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Саламаттыкты сактоо тармагынын адистери: кардиолог, уролог, эндокринолог сыяктуу медициналык эксперттер энергетикалык суусундуктарды ашыкча колдонуунун кесепеттерин расмий эскертип келишет.

“Албетте, айрымдар “ашыкча ичпесе эч нерсе болбойт, ичип эле жүрбөйбүзбү” деп айтышы мүмкүн. Бирок бул суусундуктардын бара-бара адамды көз карандылыкка алып келерин эске алганыбызда, ал кадимки адатка айланып, андан баш тарта албай, акыры соңу кейиштүү абалга алып барып жаткан учурлар арбын.

Ушул суусундуктун айынан инфаркт, кант диабети, бөйрөк оорусуна, жана башка дарттарга чалдыккан миңдеген жарандарды дарылоого, гемодиализ борборлорун ачууга жана кымбат баалуу операцияларды каржылоого республикалык бюджеттен андан да алда канча көп каражат коротууга мажбур болуп жатабыз. Медициналык чыгымдар эселеп өсүп жатат. Дарттын кесепеттери менен күрөшпөй, аны алдын алуу чараларын ойлонуп, ар тараптуу ыкчам кадамдарга барууга мезгил жетти деп ойлойм. Биз эл аралык тажрыйбаларды да иликтедик, бул багытта башка өлкөлөр жарандарынын саламаттыгы менен катар экономикасын кандай айкалыштырып жатканы изилденди.

Европанын Литва, Латвия сыяктуу өлкөлөрүндө энергетикалык суусундуктар кадимки дүкөндөрдө эркин сатууга чектөө коюлду. Польша 2024-жылдан баштап 18 жашка чейинкилерге сатууну мыйзам аркылуу таптакыр токтотту. Боордош Казакстанда 2025-жылдын 1-январынан тарта 21 жашка чейинкилерге энергетикалык суусундуктарды сатууга толук тыюу салынды”, – деди президент.

Кыргызстанда алдын ала эсептөөлөр боюнча, энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө же өлкөгө киргизүүгө тыюу салынса, республикалык бюджет түз жана кыйыр салыктардан болжол менен 1,5 миллиард сомдук кирешеден кол жууй турганын айткан Садыр Жапаров улуттун, жарандардын жана келечек муундун саламаттыгы эч кандай акча менен өлчөнбөшү керектигин белгиледи.

“Экономиканын эң башкы кыймылдаткыч күчү – салык эмес, дени сак адамдык капитал экенин да эсибизден чыгарбайлы. Жаштайынан ден соолугунан ажырап, майып болуп бараткан муун мамлекетке салык төлөмөк түгүл, тескерисинче, өмүр бою социалдык жөлөк пулдарды талап кылган катмарга айланат. Мына ошондуктан экономикалык кирешелер эч качан адам өмүрүнөн жана улуттун келечегинен өйдө турбашы керек!

Мындан ушундан улам, министрлер кабинетине улуттук коопсуздуктун негизи болгон элибиздин саламаттыгына терс таасирин тийгизип жаткан энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин 1 айлык мөөнөттө карап чыгууну, 6 ай аралыгында мыйзам алкагында жөнгө салууну тапшырдым.

Жалпы элдин саламаттыгы үчүн 1,5 млрд сомго көз жумуп, чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек болуп турат. Бизге ууланган эмес, табигый күч-кубатка ээ, акыл-эси сергек муун керек. Эртеңки күнү кыргыз жигиттери Мекен чегинде болобу, мелдеш-таймаштарда болобу, же жеке жашоосунда болобу алты саны соо, жоомарт жүрөк, темир билек, кыраакы болушуп, кубаттуу мамлекеттин жарандары болушун каалайм. Эртеңки күнү кыргыз кыздары ден соолугу чың, ар кыл ишке тың, улут куту, чырайлуу болушун тилейм. Жаңы Кыргызстандын жаңы мууну үчүн азыртадан кам көрөлү!”, – деп белгиледи президент.

Связанный пост