Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштөөдө
Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, электр энергиясын өндүрүү көлөмү — 7022 млн кВт·саат, ал эми жылуулук энергиясын берүү көлөмү — 8,7 миң Гкал болууда.
Жалпысынан Бишкек ЖЭБинде 15 казан агрегаты, туурасынан байланышкан 7 турбоагрегат жана №3, №4 эки энергоблок орнотулган.
4-ноябрга карата алардын ичинен 8 казан агрегаты жана туурасынан байланышкан 4 турбоагрегат иштеп жатат.
Ошондой эле учурда ЖЭБдин көмүр кампасында 256 389 тонна көмүр бар.