Президент Чүй облусунда фармацевтикалык завод ачты 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районундагы “Биовит” инфузиялык эритмелерди, инъекциялык ампулаларды жана көз тамчыларын чыгаруучу заводдун ачылыш аземине катышты.

“Биовит” ишканасынын эмгек жамааты жана иш-чаранын катышуучулары менен учурашып жатып, Президент бул кезектеги эле өндүрүш ишканасын эмес, бул дартка кабылып, ооруга чалдыккан жарандарыбыздын сапаттуу жана заманбап дары-дармектерге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга жана ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган ишкананы ачууга чечкиндүү кадам ташталып жатканын сыймыктануу менен белгиледи.

“Биовит” ишканасынын аймагында 2019-жылдан баштап долбоорлонуп, курулган жаңы завод жогорку сапаттагы инфузиялык эритмелерди, инъекциялык ампулаларды жана көз тамчыларын чыгарууга багытталган бул ишкана эл аралык GMP стандарттарына ылайык келери айтылды.

Жаңы фармацевтикалык завод 4500 чарчы метр аянтты ээлейт, ал жерде вентиляциялык өндүрүш системасы туташтырылган, негизги жабдуулар алынып, бардык кампалар эл аралык стандарттарга ылайык жабдылган.

Садыр Жапаров бул жерде элдин саламаттыгына кам көрүү маселеси тургандыктан, завод Италиянын, Германиянын, Түштүк Кореянын жана башка алдыңкы өлкөлөрдүн заманбап жабдуулары менен жабдылганын баса белгиледи.

Бул долбоор ишкананын өздүк каражаттарынын жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун насыя линиясынын эсебинен ишке ашырылды.

Мамлекет башчысы жакында эле Ош шаарында инсулин шприцтерин чыгаруучу завод ачылганын жана ал ишке кирери менен жүздөгөн миллион даана шприцтерди экспортко чыгарууга буйрутма алынганын эске салды. Мурда өлкө мындай шприцтерди импорттоого муктаж болуп келген.

Садыр Жапаров өндүрүлгөн продукциянын көлөмү өлкөнүн муктаждыгын толук камсыздап, экспортко да чыгарына үмүт артууда. Алдын ала эсептөөлөр боюнча завод жылына 18 миллион литр инфузиялык эритмелерди, 57 миллион инъекциялык ампулаларды жана 31 миллион флакон көз тамчыларын чыгараары күтүлүүдө. Ал өз сөзүндө ар бир ишкана курулган сайын жаңы жумуш орундары пайда болорун, ал эми бул заводдун ишке кириши менен 100гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөрүнө басым жасады.

Президент иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, Кыргызстан калкынын саламаттыгына кам көрүү мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналарын, ошондуктан мындай заводдун курулушу мамлекеттик саясатты ишке ашырууга түздөн-түз салым экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы дары-дармектердин баасы төмөндөй турганын айтып, оорулардын түрлөрү көбөйүп жаткан бүгүнкү заманда мындай ишкананын курулушу менен элдин дары-дармектерге жеткиликтүүлүгү камсыздалат, деген ишенимин билдирди.

Чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө ал бүгүнкү ачылып жаткан ишкана технология менен өндүрүштүн эле салтанаты эмес, ал мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулуктун элдин кызыкчылыгына багытталган маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бириге алышаарынын айдан ачык мисалы экенин баса белгиледи.

Ачылыш аземинен кийин Президент Садыр Жапаров дары-дармектердин өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө лабораториясы, даяр продукцияларды жана чийки заттарды сактоо кампалары, ошондой эле таңгактоо жана стерилдөөчү жайларды көрүп чыкты.12218:40

Связанный пост