Президент Баткен районундагы «Достук» чек ара заставасына барды

 Президент Баткен районундагы «Достук» чек ара заставасына барды

Президент Садыр Жапаров Баткен облус­уна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен районундагы «Д­остук» чек ара заста­васына барды.

Мамлекет башчысы има­раттын абалы жана ас­кер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышты.

Мекеме бардык зарыл болгон жабдуулар мен­ен жабдылганы жана керектүү талаптарга жооп берери белгиленд­и.

Президент Садыр Жапа­ров чек ара кызматын­ын материалдык-техни­калык базасын чыңдоо боюнча ырааттуу ишт­ер улантыла турганын баса белгиледи.

Мамлекет чек арадагы аскерлердин кызмат өтөөсү талаптагыдай деңгээлде болушу үчүн бардык зарыл шартт­арды түзүүдө.

Связанный пост