Президент: Аракеттерибиздин баары эл-журтубуздун саламаттыгына багытталат
“Аракеттерибиздин баары эл-журтубуздун саламаттыгына багытталат”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл аймагынын Чокмор айылына курулган аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн жана балдар ооруканасынын ачылыш аземинде.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Саламатсыздарбы Сузак районунун урматтуу тургундары!
Кымбаттуу барпылык туугандар!
Иш-чаранын ардактуу катышуучулары!
Эң алды баарыңыздарды, өзгөчө жалпы дарыгерлерди саламаттык сактоо мекемесинин – Эне жана баланы коргоо борбору, ошондой эле Балдар ооруканасынын ачылышы менен чын дилимден куттуктаймын!
Эң башкы байлыгыбыз – бул биздин элибиз. Мына ошол эли-журтубуздун саламаттыгына, айрыкча энелер менен жаңы төрөлгөн ымыркайларыбыздын ден соолугуна кам көрө турган мындай шыпааканалардын ачылышы баарыңыздарды кубандырып жатса керек.
Кубанычыбыз кут болсун, жаңы ачылган төрөтканабыз улутубуздун саламаттыгына кам көргөн, калкыбыздын көбөйүшүнө салым кошкон куттуу-берекелүү жай болсун!
Урматтуу агайын-туугандар!
Төрөт үйү — бул Жараткандын амири менен жарык дүйнөгө дагы бир жаңы адамдын келишин жар салган, ата-эне болуу кубанычын тартуулаган, ар бир төрөлгөн ымыркай менен бирге, өлкө келечегине үмүт, ишеним жана жоопкерчилик сезимдерди арткан аруу жай.
Жогоруда белгилегенимдей, биздин башкы байлыгыбыз – бул биздин жарандарыбыз. Биз эл-журтубуздун саны артсын, өнүгүп-өсүп өркүндөсүн десек, дал ушул төрөт жайларынан: аларды жетиштүү деңгээлде камсыздоодон, наристелердин аман-эсен, сак-саламатта төрөлүшүнө шарт түзүүдөн башташыбыз абзел.
Акыркы жылдары өлкөбүздүн медицина тармагын жакшыртуу аракеттерибиздин алкагында, мына ушундай заманбап ооруканалардын курулушуна өзгөчө маани берилүүдө.
Бул объектилердин курулушуна жергиликтүү бийлик 3 гектар жер аянтын бөлүп берип, 2023-жылдын март айында пайдубалы түптөлүп баштаган. Мында 75 орундуу төрөт бөлүмү жана 75 орундуу балдар ооруканасын курууга 570 млн сом акча каражаты сарпталды.
Ачык айтып коюшубуз керек: бул иште колу ачык, жоомарт мекендештерибиздин дагы үлүшү бар. Мен ушул жерден баса белгилеп айта кетпесем болбос.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Мурда чиновниктер дейбизби, бизнесмендер дейбизби, айтор, Кыргызстандан тапкан акчаларын чет жакка чыгарып кетишип, ошол жакка бизнес ачып, завод-фабрикаларды салып, ошол жакка заңгыраган имараттарды куруп, бүгүн да ошол бизнестерин көзөмөлдөп Кыргызстанга келе албай жүргөндөрдү баарыбыз билебиз.
Мына ошолор сыяктуу болбостон, Ташиевдердин үй-бүлөсү өзүнүн мунай базасын сатып, анын акчасына ушул төрөт үйүн салып, мамлекетке өткөрүп берип жатышат. Бул “Элде болсун, элде болсо, бизде болот” деген сөз. Мындай кадам башкаларга үлгү болушу керек.
Мамлекетибиздин ар тараптан өнүгүшүнө кол сунган Ташиевдердей атуулдарыбызга ар дайым ыраазычылык билдирем, бар болуңуздар.
280 миң калкы бар Сузак району – өлкөбүздөгү ири райондордун бири. Мына ушундай чоң аймак болгондуктан, энелердин да, балдардын да ден соолугуна кам көрүү, төрөткө чейин жана төрөт учурунда керек болгон бардык шарттарды түзүү, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн кошумча ооруканага болгон муктаждык жаралып келген. Бул боюнча кайрылуу каттар да келип, жолугушууларда өтүнүчтөр дагы айтылган эле.
65 орунга ылайыкташкан Сузак аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмү суткасына төрөт көп болгон учурларда кошумча орундардын, дарыгерлердин жана заманбап медициналык жабдуулардын тартыштыгынан улам бир топ эле кыйынчылыктарды тартып келишкени белгилүү.
Мындай көрүнүш мамлекеттин саламаттык сактоо системасындагы жана аймактагы олуттуу көйгөйлөрдүн бири болгондуктан, мына ушул үч кабаттуу жаңы төрөт бөлүмүн жана балдар ооруканасын салууну пландап, мына минтип ишке ашырып олтурабыз.
Ардактуу жалал-абаддык мекендештер!
Ооба, облуста бир эле төрөт үйү, балдар ооруканасын куруу менен эле чектелип калганыбыз жок.
Республикалык бюджеттин каржылоосу менен облустук клиникалык ооруканасынын 100 орундуу имараты, кургак учукка каршы күрөшүү борборунун 96 орундуу имараты курулуп, пайдаланууга берилген.
Базар-Коргондо, Ала-Букада аймактык оорукананын түзүмдүк бөлүмдөрү, Жалал-Абад шаарында 100 орундуу балдар ооруканасы жаңыдан курулду. Аксыда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты салынса, Сузакта жалпы дарыгерлер практикалык борборунун төрөт бөлүмү, Чаткалда хирургия бөлүмү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Токтогулда болсо мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде компьютердик томография, облустук клиникалык оорукананын урология бөлүмүнө бөйрөктөгү ташты операциясыз талкалоочу медициналык жабдыктар коюлган. Облус аймагында фельдшердик-акушердик 10 пункт курулуп, мамлекеттик 8 дарыкана ачылган.
Ал эми быйыл болсо Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, облустук перинаталдык борбор, Сузак районунун аймактык ооруканасынын 40 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараттары жана башка курулуштар жүрүүдө.
Буюрса, жыл соңуна чейин бул аталган саламаттык сактоо мекемелери ишке кирип, сиздердин кызматыңыздарга даяр болуп калат деп ишенем.
Жалпы республика боюнча медицина тармагында жаңылык жана муктаждык катары чечилип жаткан маселе – бул органдарды алмаштыруу боюнча акысыз операцияларды өзүбүздүн ооруканаларда өзүбүздүн дарыгерлер тарабынан жасалышы болууда.
Бул багытка биз бар күч-аракетибизди жумшап жатабыз, мындай олуттуу операциялар бизде дагы акырындап башталды. Бул жаатта дарыгерлерибизди медицинасы күчтүү өнүккөн ар кайсы өлкөлөрдө окуттук жана окутуулар азыр да жүрүп жатат.
Мындай медициналык кызматтардын сапатына жана жогорку технологияларды колдонуусуна да көңүл буруп жатабыз. Өзүңүздөргө маалым болгондой, органдарды алмаштыруу жаатында бир топ операция жасалып келет.
Айрыкча элибизде көйгөй болуп келген бөйрөктү алмаштыруу боюнча 70тен ашуун операция жасалса, боорду алмаштыруу боюнча операциялар дагы ийгиликтүү башталды. Мына ошентип, биздин башкы байлыгыбыз болгон элибиздин арасындагы оор операцияларга муктаж жарандарыбыздын өмүрүн өзүбүздөн, өзүбүздүн алтын колдуу дарыгерлердин жардамы менен сактап калууга кириштик.
Жалпылап айтканда, медицина тармагы боюнча буга чейин эң көйгөйлүү делген имарат маселелерин четинен чечип келатабыз. Аракеттерибиздин баары эл-журтубуздун саламаттыгына багытталат.
Дал ушундай максат-мүдөөбүздүн бири катары бүгүнкү Төрөт үйү менен Балдар ооруканасынын ачылышы дени сак бала, дени сак эне аркылуу дени сак улутту калыптандырууга умтулуу болуп саналат.
Эмесе, өлкөбүздүн жаркын келечегине кам көрүү жаатында жакшы саамалык менен жалпыңыздарды дагы бир ирет куттуктаймын.
Ушул жерден жалаң гана сүйүнчүлөгөн сөздөр жаңырып турсун. Сыркоолоп келген балдарыбыз, куландан соо айыгып, ата-энелер ак халатчандарыбызга алкыш айтып, бата-тилектерин байма-бай берсин!
Жаңы ачылган медициналык мекемелерибиз жалпы Жалал-Абад элине узак жылдарга кызмат кылсын!
Элибиз эсен болсун!”.