Президент Ала-Арча жаратылыш паркында болуп, эс алуучулар менен баарлашты

 Президент Ала-Арча жаратылыш паркында болуп, эс алуучулар менен баарлашты

Бүгүн президент Садыр Жапаров Ала-Арча жаратылыш паркында болду.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдиргендей, өлкө башчысы ал жерде эс алып жүргөн жарандар менен жолугушуп, айрымдары менен сүрөткө түшүп, суроолоруна жооп берүүгө дагы үлгүрдү.

“Ала-Арча жаратылыш паркындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулап, жаратылышты коргоо чаралары күчөтүлдү. Мисалы, күйүүчү май менен жүрүүчү унаалардын кирүүсүнө тыюу салынып, алардын ордуна электромобилдер колдонууга берилди. Бул өзгөрүү эс алуучуларды тейлөөнү жеңилдетип, айлана-чөйрөгө болгон зыянды азайтууда”, – деп жазды Орунбеков.

Ал белгилегендей, мурда эс алуучулар от жагып, таштанды ыргытып, туш келди жерлерде тамак жасап, жаратылышты булгап кетишчү. Азыр бул көрүнүштөргө жол берилбейт – тартип орнотулуп, парктын тазалыгы сакталууда.

Связанный пост