Президент өлкөдөгү реформаларга колдоо көрсөтүп келе жаткан Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирди

 Президент өлкөдөгү реформаларга колдоо көрсөтүп келе жаткан Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирди

Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар борбор калаабыздын Ала-Тоо аянтындагы башкы тууну көтөрүү аземине катышты.

Салтанатта мамлекет башчысы Садыр Жапаров өлкөдөгү жаңылануулар жана өзгөрүүлөр тууралуу кеңири баяндама жасап жатып, Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирди.

“Биздин орчундуу чечимдерибизди, мыйзам долбоорлорубузду жана башка реформаларды кечиктирбестен, куру кыйкырык кылбастан, ыкчам кабыл алып берип, колдоп келе жатасыздар. Жыйынтыгында экономикабыздагы, ички жана тышкы саясатыбыздагы иштер тездик менен алдыга жылууда”, – деди Президент.

Эскерте кетсек, Ала-Тоо аянтындагы жаңыланган туунун бийиктиги 100 метрди түзөт.

Связанный пост