Парламент Россия менен бирге абадан коргонуу системасын түзүүгө макулдук берди
Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 16-августунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору карап, үч окууда кабыл алышты.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Мыйзам долбоору боюнча маалыматты коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов берди. Бул макулдашуунун негизинде Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын бирдиктүү региондук абадан коргонуу системасы түзүлүүдө. Алмазбек Карасартов белгилегендей, бул максаттар үчүн Канттагы россиялык авиабазанын жанынан келишимдин колдонуу мөөнөтүндө 5 гектар жер тилкеси берилет.