Папан чакан ГЭСин курууга даярдыктар башталды

Кара-Суу районунда Папан ГЭСин курууга даярдык иштери башталды.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда ГЭСке алып баруучу жолдун курулушу жүрүүдө. Станция Папан суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө (бьефинде) жайгашат. Жаңы ГЭСтин пландалган кубаттуулугу 27 МВтты (үч гидроагрегат, ар бири 9 МВт) түзөт, ал эми жылдык орточо электр энергия өндүрүү көлөмү 113 млн кВт/с болмокчу.

Бул долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында “Чакан ГЭС” ААК жана “Гидроэнергетиканы куруу боюнча биргелешкен кыргыз-кытай коому” ЖЧК тарабынан жүзөгө ашырылып, инвестор жана башкы подрядчы катары иш алып барууда.

Учурда төмөнкү иштер жүрүп жатат:

  • долбоордук-сметалык документациянын иштелип чыгууда;
  • керектүү гидротехникалык жана электротехникалык жабдууларды алуу үчүн буйрук кылынды;
  • курулуш аянтына атайын техниканын бир бөлүгү жеткирилди;
  • Төлөйкөн дачасынан келечектеги ГЭСтин имаратына чейин жол курулуп жатат: 8 км жолдун 6 км салынды.

Эске салсак, 2024-жылдын 5-октябрында келечектеги Папан ГЭСинин курулуш аянтында капсула коюу аземи өткөн. Курулуштун аякташы 2027-жылдын үчүнчү кварталына пландаштырылган.

Связанный пост