Министрлер кабинети

МинКаб Төрагасы: 2024-жылдын алгачкы 100 күнү өлкөгө инвестиция тартуу иштерине

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңешинин отуруму болуп өттү.   Жыйынга чогулгандар мамлекеттик мекемелер менен ишкерлердин ортосундагы өз ара иш алып баруу механизмдерин талкуулашты. Отурумга мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү фонддордун, мамлекеттик банктардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.   Алгач “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер […]Читать далее

Коом

Кесиптик окутууну аяктагандардын 62% ишке орношкон – Эмгек министри

Кесиптик окутууну аяктагандардын 62% ишке орношкон. Бул тууралуу Эмгек министри Гүлнара Баатырова билдирди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова №100 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземине катышты. Окуучулар эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон электрик жана электргаз ширетүүчү кесиптерге ээ болушту. Анын айтымында, Эмгек министрлиги эмгек рыногунда талап кылынган адистерди даярдоо үчүн өлкөнүн 100 […]Читать далее

Аймак

Нарында ишкерлерге 36 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан жергиликтүү ишкерлерге 6 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилди. Тактап айтканда, “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңеши тарабынан облустун аймагында ишкердик жүргүзгөн “Жыргал” туристтерди тосуучу үй лагерине, “Бай-Төр” эс алуу борборуна, “Ангус” пародасындагы эт багытындагы уйларды өстүрүүгө, сүт багытындагы уйларды сатып […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Депутаттык комиссия: 2023-жылдын алты айында 180 адам мөөнөтүнөн мурда бошотулган

Жогорку Кеңеште тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар тууралуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.   Комиссиянын жыйынына жумушчу топтун мүчөлөрү, түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокурор, Башкы прокуратуранын Кылмыш, жарандык сот өндүрүшүн жана сот чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору, Жазаларды аткаруу кызматынын, Жогорку […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров россиялык «Unigreen Energy» компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров россиялык «Unigreen Energy» компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды.   Жолугушууда тараптар, Ысык-Көл облусунда 300 МВт кубаттуулуктагы күн электростанциясын куруу долбоорун ишке ашырууну талкуулашты.   Ишкананын өкүлдөрү Министрлер Кабинетинин башчысына аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, учурда документтер ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылып, электр станциясынын […]Читать далее

Коом

Бишкектеги балдар ооруканасында кезек күткөндөр үчүн 8 мобилдик госпиталь орнотулду

Бүгүн, 19-декабрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев оорукананын амбулатордук-диагностикалык бөлүмүндөгү адистердин кабыл алуусуна кезек күтүү абалына мониторинг жүргүзүү максатында Бишкектеги Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Ведомстводон билдиришкендей, ооруканада министр хирургиялык патологияга шектелген баланы текшерип, кеңеш берди. Министрдин тапшырмасы менен Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына 8 мобилдик госпиталь орнотулду. Мындай иш-аракет бейтаптардын агымын жөнгө […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Кытайдын Төрагасына жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге өлкөнүн Ганьсу жана Цинхай провинцияларында жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Жер титирөөнүн кесепетинен Кытай Эл Республикасынын Ганьсу жана Цинхай провинцияларында көптөгөн адамдардын курман болгондугу жана жабыркагандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын Кеңешинин отурумуна катышты

Бүгүн, 19-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Москва шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин отурумуна катышты.   Иш-чараны Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин ачып, жыйында жамааттык коопсуздукка байланышкан маселелер талкууланды. Ошондой эле Ассамблеянын алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.   Отурумда […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Тууну өзгөртүү. ЖК комитети мыйзам долбоорун II, III окууда жактырды

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өлкөнүн туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап, жактырды. Комитеттин жыйынына туунун авторлору Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев да катышты. Мыйзам долбоорунун демилгечилери-Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов. Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев Москва шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын

Бүгүн, 19-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. Төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди. Алсак, аталган Ассамблеяга Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын жана Тажикстан […]Читать далее