Оштогу жаңы муниципалдык базар 20-апрелде ачылат
Ош шаарындагы жаңы муниципалдык базардын ачылышына карата даярдык иштери аяктоодо.
Мэриядан билдиришкендей, учурда базарга кирүүчү жолдор, унаа токтотуучу жайлар асфальтталып, трансформаторлор орнотулду. Ошондой эле 80 орундуу, душ кабиналары менен жабдылган дааратканалардын бири бүткөрүлүүдө.
Мындан тышкары, коомдук тамактануучу жайларды уюштуруу, өрт коопсуздугун сактоо максатында гидранттарды орнотуу, базардын ички аймагын иретке келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Эске салсак, 20-апрелден тартып борбордук базар жаңы муниципалдык базарга көчүрүлөт.