Ошто жолчулар эки нөөмөттө иштөөгө өтүштү
Ош шаарындагы Ош көчөсүндө реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат. Курулуштун темпин тездетүү максатында жолчулар эки нөөмөттө иштөөгө өтүштү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, түнкү убакта эски курулуштарды демонтаждоо иштери жүргүзүлсө, күндүз көчөнү иретке келтирүү жана жолдун негизин даярдоо иштери аткарылууда.
Учурда көчөгө суу жана газ түтүктөрү тартылып жатат. Реконструкциянын алкагында буга чейин борбордук канализациясы жок болгон көчөгө жаңы канализация тармагы курулат. Мындан тышкары, электр мамычалары көчүрүлүп, заманбап тротуар салынып, жол төрт тилкелүү болуп кеңейтилет.
Бүгүн курулуш объектисине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышты. Ал жумуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, курулушту белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.