Ошто жер титиреди
Бүгүн, 11-январда саат 10:52де өлкө аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ачык-Суу айылынан 28 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Могол айылынан 32 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 128 чакырым түштүктө жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.