Ошто жаштардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген дары-дармектердин сатылышын көзөмөлгө алуу маселеси каралды

 Ошто жаштардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген дары-дармектердин сатылышын көзөмөлгө алуу маселеси каралды
Ош шаарынын мэриясында адамдын аң-сезимине терс таасирин тийгизген дары-дармектерди жүгүртүүгө көзөмөлдү киргизүү боюнча тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарада Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна кам көрүү максатында талкууланып жаткан маселе абдан актуалдуу болуп жатканын жана тизмедеги бир катар психотроптук дары-дармектер жаш жарандар үчүн оор жана орду толгус кесепеттерге алып келерин белгиледи.
Ошол эле учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жаштардын аң-сезимине жана ден соолугуна терс таасирин тийгизген бир катар дары-дармектер психотроптук жана баңги заттардын тизмесине кирбей турганын, ошондуктан аларды рецептсиз сатып алса болорун белгилешти. Бирок бул дары-дармектер адамдын организмине психотроптук жана наркотикалык заттар сыяктуу эле таасирин тийгизгендиктен, ага катуу көзөмөл жүргүзүү зарыл.
Бул маселени талкуулоонун жыйынтыгында төмөнкүдөй милдеттер коюлду:
– Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин түштүк филиалынын өкүлдөрүнө бул дары-дармектерди психотроптук жана баңги каражаттарынын тизмесине киргизүү боюнча КР Саламаттык сактоо министрлигине кат жөнөтүү тапшырмасы берилди.
– Ош шаарынын ҮМБсына бул дарыларды сөзсүз түрдө рецепт боюнча берүү милдети жүктөлдү.
– Фармацевтика тармагынын өкүлдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды тиешелүү рецепт болгондо гана чыгаруу тапшырылды;
– Тиешелүү кызматтарга бул каражаттарды дарыканалардын аймагынан тышкары мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү талабы коюлду.

Связанный пост