Ошто уруксат иш кагаздары жок курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компанияга кылмыш иши козголду
Архитектуралык уруксат иш кагаздары жок курулуш иштерин жүргүзүп жаткан курулуш компаниясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын маалымат жана коом менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Ош шаарынын Тилеке-Баатыр көчөсүндө “А-П” ЖЧКсы тарабынан көп кабаттуу турак үйдүн курулушу боюнча эч кандай курулушка уруксат берүүчү архитектуралык иш кагаздары жок, өзүм билемдик менен курулуш иштерин жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренеси (“өзүм билемдик”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.