Ошто санариптештирүү боюнча жаштар форуму өттү

 Ошто санариптештирүү боюнча жаштар форуму өттү

Ош шаарындагы М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде санариптештирүү боюнча жаштар форуму өттү, деп билдирет Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Иш-чарага жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттери жана аймактагы активдүү жаштар катышты.

Форумдун катышуучуларына бир катар маанилүү маалыматтар айтылды. Алардын ичинде:

  • “Түндүк” мобилдик тиркемесин колдонуунун артыкчылыктары;
  • булут электрондук кол тамганын маанилүүлүгү;
  • өлкө аймактарын интернет менен камсыз кылууда “DCASA – КР” долбоорунун жетишкендиктери тууралуу.

Ошондой эле көргөзмө уюштурулуп, анда жогорку санариптик технологиялардын жетишкендиктери тууралуу презентациялар жасалды.

Иш-чара 19-апрелде Жалал-Абад шаарында өтөт.

Форумдун максаты — калктын, өзгөчө жаштардын арасында санариптик сабаттуулукту максималдуу түрдө арттыруу болуп саналат.

Связанный пост