Ошто мөмө-жемиштердин сапаты текшерилди

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын жана Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери менен биргеликте шаарда сатылып жаткан жашылча, мөмө-жемиштердин коопсуздугу, аларды сатууда коюлган талаптардын аткарылышы боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Текшерүү учурунда атайын жабдык менен жашылча, мөмө-жемиштердин курамындагы нитрат жана башка зыяндуу заттардын ченемдери текшерилип, алынган үлгүлөр Ош шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун лабораториясына жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы менен кошумча иш-аракеттер көрүлөт.

Ошондой эле жериңде сатуучуларга жана кардарларга санитардык-гигиеналык абалы, тамак-аш коопсуздугу боюнча талаптардын сакталышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эрте бышкан жашылча мөмө-жемиштердин сапатын тиешелүү кызматтар тастыктагандан кийин гана сатыкка чыгарууга уруксат берилет.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө шаарда сатылып жаткан дарбыздар Өзбекстандан алып келинет. Ал эми коондор Жалал-Абад облусунун Шамалды -Сай айылында өстүрүлүп, Бишкек жана Ош шаарларына жеткирилет.

Связанный пост