Ошто кытайлык көз дарыгерлери 317 бейтапка акысыз операция жасашты
11-22-октябрь күндөрү Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Кытайдан келген көз дарыгерлери “Экспресс ден соолук — жаркын саякат” долбоорунун алкагында иш алып барышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Долбоордун негизги максаты калкка, өзгөчө катаракта жана глаукома менен жабыркаган бейтаптарга жогорку технологиялык офтальмологиялык жардам көрсөтүү болуп саналат.
Эки жуманын ичинде кытайлык адистер тарабынан 317 бейтапка акысыз операциялар жүргүзүлдү. Ар бир операциянын наркы орточо 100 миң сомдон ашат, бирок бардык чыгымдар Кытай тарабынан толугу менен каржыланды.
Ошондой эле “Кытай ден соолук — экспресс фонду” тарабынан Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына 17 млн сомдук оптикалык когеренттүү томограф аппараты гуманитардык негизде тапшырылды.
Белгилей кетсек, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы менен Кытай дарыгерлеринин кызматташтыгы үч жылдан бери үзгүлтүксүз уланып келет.
- 2023-жылы — 338 бейтап,
- 2024-жылы — 237 бейтап,
- 2025-жылы — 317 бейтап акысыз операция алган.
Оорукананын жетекчилиги жана офтальмология бөлүмүнүн кызматкерлери Кытайдан келген дарыгерлерге ыраазычылык каттарын жана белектерди тапшырып, кошумча үч жылдык кызматташуу келишимине кол коюшту.
Бул иш-чара Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана калкка жогорку сапаттагы медициналык жардам жеткирүүгө багытталган.