Ошто июнь окуясында курман болгондор эскерилди

 Ошто июнь окуясында курман болгондор эскерилди

Бүгүн Ош жергесинде 2010-жылдагы июнь окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттнин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү курман болгондордун элесине таазим кылышты.

 

Өкүлдүн орун басары Талантбек Арстанкулов каза болгондордун жакындары жана иш-чаранын катышуучуларына көңүл айтып, ар бирибиз тынчтыкты жана ынтымакты сактоого милдеттүүбүз деп белгиледи.

 

“Биз кылымдар бою ынтымакта, бир туугандыкта жашаган көп улуттуу элбиз. Ата-бабаларыбыз ынтымакты туу тутуп, байыркы Ош шаарынын даңктуу тарыхын жараткан. Ар бирибиз тынчтыкты жана ынтымакты сактоого милдеттүүбүз”, – деди ал.

 

Эскерүү “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине гүл коюу менен башталып, каза болгондорго багышталып куран окулду.

Связанный пост