Ошто эс алуу күндөрү мыйзамсыз аңчылык кылгандарга айып салынды
Ош облусунда эс алуу күндөрү аңчылык эрежелеринин сакталуусу жана браконьерликтин алдын алуу боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Рейд Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын облустук инспекторлору жана Германиянын табиятты коргоо уюму (NABU) тарабынан уюштурулган “Барс-2” тобунун кызматкерлери тарабынан өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө мыйзам бузган 6 жаран аныкталып, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 6 протокол түзүлдү. Мыйзам бузуучуларга ар бирине 12 500 сомдон, жалпы 75 миң сом айып салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы табигый ресурстарды коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы иш-аракеттерин мындан ары дагы улантат.