Ошто быйыл 250 чакырым жол асфальтталат

 Ошто быйыл 250 чакырым жол асфальтталат

Быйыл Ош облусунда ири жол иштери пландалган. Ага ылайык жалпы узундугу 250 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөө каралган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков билдирди.

Анын айтымында, асфальт төшөөдөн тышкары, облус боюнча көпүрөлөрдү жана жол бетиндеги аң-чөнөктөрдү оңдоп-түзөө иштери да пландалган. Эң маанилүү долбоорлордун бири — 53 чакырым узундуктагы Ылай-Талаа — Гүлчө жолу.

“Ылай-Талаа — Гүлчө унаа жолундагы иштер өткөн жылдын аягында башталган. 2025-жылы керектүү жабдыктар даярдалып, ал эми быйылкы сезондо толук масштабдуу жер казуу иштерин жүргүзүү пландалууда. Эгер аба ырайы уруксат берсе, асфальт төшөөнү быйыл эле баштоону көздөп жатабыз. Бирок негизги этаптар 2027-жылга пландалган”, — деди Чойбеков.

Связанный пост