Ошто биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалды
Ош мамлекеттик университетинин Медициналык борборунда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Операция 13-декабрда Н. В. Склифосовский атындагы Тез жардам илимий-изилдөө институтунун боор трансплантациясы бөлүмүнүн башчысы, трансплантолог дарыгер Мурад Наврузбековдун жетекчилиги алдында ОшМУнун Медициналык борборунун командасы менен биргеликте жүргүзүлдү.
Реципиент — сегиз жыл бою В, С жана D вирустук гепатиттери менен жабыркап, анын негизинде боор циррозу өнүккөн 50 жаштагы бейтап. Донор катары анын 25 жаштагы уулу чыккан. Операция алты сааттан ашык убакытка созулган.
Дарыгерлердин маалыматына ылайык, эки бейтап тең медициналык көзөмөлдө болуп, абалдары туруктуу деп бааланууда.
Белгилей кетсек, бул операция Кыргызстандын түштүгүндө алгач ирет аткарылган трансплантация болуп саналат.
Бүгүн министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов аталган борборго барып, боор трансплантациясы боюнча жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгы жана бейтаптардын операциядан кийинки абалы менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө ведомствонун башчысы профилдик бөлүмдөрдү кыдырып, медициналык кызматкерлер менен баарлашты жана донор менен реципиенттин операциядан кийинки дарылоо процессинин жүрүшү тууралуу кеңири маалымат алды.
ОшМУнун Медициналык борборунун жамааты менен болгон жолугушууда Каныбек Досмамбетов жогорку технологиялык медициналык жардамдын өлкө ичинде көрсөтүлүшү саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү үчүн принципиалдуу мааниге ээ экенин белгиледи.