Ошто 404 млн сомдук күнөскана жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды

Ошто 404 млн сомдук 12,3 га жер тилке күнөсканасы менен мамлекеттин менчигине кайтырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Мады айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок участкасында орун алган 12,30 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, Мады айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок участкасында жайгашкан баасы 404 млн 511 миң сомду түзгөн күнөскана 12,30 га жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттин менчигине кайтарылды.