Ошто 3,5 гектар жерге дипломаттар шаарчасы курулат

Ош шаарында дипломаттар шаарчасы курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаев Россия, Казакстан жана Өзбекстандын Оштогу башкы консулдары менен жолугушуп, консулдуктар үчүн бөлүнгөн жер тилкеси менен тааныштырды.

Дипломаттар шаарчасы Алымбек Датка аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашат. Жалпы аянты 35 миң чарчы метрди түзүп, ар бир консулдукка 20 сотыхтан жер каралат.

Шаар бийлиги бардык зарыл инфраструктуралык курулуштарды камсыздап берет.

Связанный пост