Ошто үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору күчөтүлгөн тартипте иштейт

 Ошто үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору күчөтүлгөн тартипте иштейт

Курч респиратордук вирустук инфекциялар, пневмония ооруларын алдын алуу максатында Ош шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору күчөтүлгөн тартипте иштешет.

Мэриядан билдиришкендей, өлкө аймагында КРВИ/пневмонияга чалдыккандардын саны көп катталууда. Айрыкча жаш балдар арасында илдет күч алган. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги жугуштуу оорулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында атайын буйрук иштеп чыкты. Ага ылайык, Ош шаарынын аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору дем алышсыз иштейт:

  • жумуш күндөрү 08:00дөн 20:00гө чейин;
  • ишемби күнү 08:00дөн 18:00гө чейин;
  • жекшемби күнү 08:00дөн 14:00гө чейин.

Буйрукта бул эреже медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана калктын өз убагында медициналык-санитардык жардамга кайрылуусун камсыз кылуу үчүн, ошондой эле бейтаптардын агымын оптималдаштыруу максатында кабыл алынгандыгы белгиленген.

Дарыгерлер өз кезегинде курч респиратордук оорулардын белгилери байкалса (дене табынын жогорулашы, алсыроо, жөтөл, дем алуунун кыйындашы), анда сөзсүз үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылууну эскертишет.

Связанный пост