Ошто үч эм төрөлгөн үч үй-бүлөгө батирлер берилди
Ош шаарында үч эмдүү болгон дагы үч үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батирлер берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Батирлердин сертификаттарын мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырды.
Батирлер:
– Саматбек Сатыбалдиевтин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген 3 эм наристелери Асылай, Ариет, Азиретке;
– Рустамбек Кудайкуловдун үч эм балдары Сабина, Самира, Мединага;
– Медербек Маматовдун үй-бүлөсүндөгү үч эм Рабия, Разия, Рафияга берилди.