Ош: Тоолу айыл Кайындынын окуучулары жаңы мектепке барат

Курулуш министрлиги тарабынан Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кайынды айылындагы мекептин курулушу толук бүткөрүлдү. Окуу жылдын башталышы менен окуучулар жаңы мектептен билим алышат.
Объекттин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланды. Курулуш-монтаждоо иштеринин жалпы наркы 38 миллион сомду түздү.
Долбоор боюнча жаңы мектеп 100 орунга ылайыкталып, бир кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залдан турат.
Белгилей кетсек Кайынды айылы деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан.

Связанный пост