Ош шаарынын жаңы мэри жамаатка тааныштырылды

 Ош шаарынын жаңы мэри жамаатка тааныштырылды
Бүгүн, 29-ноябрда Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык Ош шаарына жаңы мэр келди. Алмаз Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Бакытбек Жетигенов дайындалды.
Бакытбек Жетигеновду КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жамаатка тааныштырып, Алмаз Мамбетовдун жасаган иштерине токтолуу менен катар мындан аркы кадамдарына ийгиликтерди каалады.
Эскерте кетсек, Мамбетов Ош шаарынын мэрлик кызматында бир 1 жыл 4 ай убакыт иштеди.

Связанный пост