Ош шаарынын мэриясынын алдындагы экологиялык кеңешинин алгачкы жыйыны өттү
Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаевдин жетектөөсүндө Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышуусунда экологиялык кеңешинин алгачкы жыйыны болуп өттү.
Жыйында Ош шаарынын 2023-2033-жылдарга карата экологиялык фонун сактоо жана жакшыртуу маселелери көтөрүлүп, экологиялык абалды өнүктүрүү концепциясынын алкагында энергетика жана жылуулук системасын, транспорттук каражаттарынын шаар аймагынан сырткары кошумча багыттарын карап чыгуу, таштандыларды кайра иштетүү жана жашылдандыруу боюнча аткарылуучу жумуш планын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
Мындан сырткары экологиялык кеңештин милдеттери жана максаттары тууралуу маалымат, сунуштамалар берилип, жыйынтыгында пикир алмашуу болду.