Ош шаарынын кире беришиндеги “Кыргыз көчү” дарбазасы түнкү түстүү чырактар менен кооздолду
Ош шаарынын кире беришиндеги “Кыргыз көчү” дарбазасы түнкү түстүү чырактар менен кооздолду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Калаа башчысы Жеңишбек Шермаматовичтин тапшырмасына ылайык шаарга кире берген дарбаза жана анын айланасы түнкү көрк берүүчү бир канча чырактар менен жасалды. Аны менен бирге атайын лазердик жарыктандыруу системалары орнотулду.
Бүгүн шаардын жаңыланган негизги кире бериш дарбазасындагы жасалган жумуштарды калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишкана жетекчилери жана шаар тургундары көрүп, таанышып чыгышты. Келген конокторго маданият кызматкерлери тарабынан маданий иш-чара уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланды.