Ош шаарындагы борбордук базар коопсуз жерге көчүрүлөт – Камчыбек Ташиев

 Ош шаарындагы борбордук базар коопсуз жерге көчүрүлөт – Камчыбек Ташиев

Ош шаарындагы борбордук базар көчүрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев селден жапа чеккен жарандар менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, базар дагы селдин кесепетинен жабыркабашы үчүн толугу менен көчүрүлөт. Анткени сел болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.

“Эртең болобу, бир айдан кийин болобу, бир жылдан кийинби дагы сел болушу мүмкүн. Ошондуктан базарды биз коопсуз жерге көчүрөбүз. Жергиликтүү органдар менен бирге жаңы базардан орундарды аласыздар. Коопсуз жерде өзүңүздөрдүн соодаңарды жүргүзөсүңөр”, – деди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле ал мындан ары Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар болбой тургандыгын, эс алуу жайлар, көпүрөлөр алынарын белгиледи.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост