Ош шаарында жаңы жылдык балаты жандырылды
![Ош шаарында жаңы жылдык балаты жандырылды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/12/321193423_864286858353478_8006830291059142291_n-850x560.jpg)
20-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балаты жандырылды. Салтанаттуу иш-чарага мэр Бакытбек Жетигенов, тургундар, жаштар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык маданият башкармалыгы тарабынан музыкалык программа уюштурулду.
Белгилей кетсек, бул жылдагы жаңы жылдык балатынын бийиктиги 29 метр.