Ош шаарында Орозо айт намазын окууга 11 миңден ашуун адам чогулду

Ош шаарында Орозо айт намазын окууга 11 миңден ашуун адам чогулду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Айт намазга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, дин өкүлдөрү, аксакалдар Ош шаарынын тургундары жана коноктору катышты. Калаа башчы Бакытбек Жетигенов чогулган жалпы момун мусулмандары ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктап бакубатчылык, ынтымак жана тынчтык, ден-соолук, береке жана жакшылыктарды каалады.

“Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору, бүгүн ыйык Рамазан айы аяктап, биз үчүн маанилүү болгон майрамдардын бири Орозо айт майрамын белгилеп жатабыз. Бул күнү Айт намазын окуп жатып, ар бир момун мусулман Жараткандан жерибизге береке, жакындарына жана үй-бүлөсүнө бекем ден-соолук жана аманчылык тилешет. Жакшы ниеттер менен дуба кылышат. Жалпыңыздарды өзүмдүн жана Ош шаарынын мэриясынан атынан чын жүрөктөн бүгүнкү Орозо айт майрамы менен куттуктаймын. Жараткан ар бирибиздин кылган дубаларыбызды кабыл кылсын. Ар бир үйгө береке жана ынтымак берсин. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен урматтуу мекендештер!”- деп баса белгиледи шаар мэри Бакытбек Жетигенов.

Ош шаарынын борбордук аянтына Орозо Айт намазын окуу үчүн 1000ден ашуун адам чогулду.

Связанный пост