Ош шаарында Органдарды трансплантациялоо борборун уюштуруу пландалууда

 Ош шаарында Органдарды трансплантациялоо борборун уюштуруу пландалууда

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жумушчу сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасына барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, аталган ооруканада президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Органдарды трансплатациялоо борборун уюштуруу пландалууда.

Иш сапардын алкагында Алымкадыр Бейшеналиев медициналык мекеменин учурдагы абалы менен таанышып, бөлүмдөрдү көрүп чыкты. Оорукананын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушуп, Органдарды трансплантациялоо борборун ачууга даярдыктын негизги этаптары талкууланды.

Ооруканада акыркы технология менен жабдылган заманбап операциялык бөлмөлөр бар, алар татаал операцияларды, анын ичинде органдарды трансплантациялоого мүмкүндүк берет. Керектуу медициналык жабдуулар жана лаборатория менен жабдылган. Кошумчалай кетсек, Ош шаардык клиникалык ооруканасында трансплантациялоо операцияларын жасоо боюнча окутуудан өткөн тажрыйбалуу хирургдар, анестезиологдор, реаниматологдор жана башка адистерден турган медициналык топ бар.

Министр Органдарды трансплантациялоо борборунун ачылышы өлкөнүн түштүк аймагынын калкы үчүн жогорку технологиялык медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатарын баса белгиледи. “Ош шаардык клиникалык ооруканасынын базасында борбордун ачылышы Саламаттык сактоо министрлигинин өлкөдө трансплантацияны өнүктүрүү жана бейтаптарды чет өлкөгө дарыланууга жөнөтүү зарылдыгын азайтуу боюнча кеңири стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат”, – деди министр.

Иш сапардын жыйынтыгында министр оорукананын жетекчилигине органдарды трансплантациялоо бөлүмүн ачууга даярдык иштерин тез арада бүтүрүү тапшырмасын берди.

Связанный пост