Ош шаарында нандын бааларын турукташтыруу боюнча жыйын өттү
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрөгасынын орун басары А.А. Мамыралиев жана Ош шаарынын Вице-мэри Н. Кадыров менен биргеликте Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында ун базарындагы кырдаал боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга ун өндүрүүчүлөрдүн, ун сатуучулардын, базарлардын жетекчилеринин, салык кызматынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө А.А. Мамыралиев жергиликтүү ун чыгаруучу ишканаларда 1-сорттогу ундун баасы 1500 сом ал эми базарда 1700 сомдон сатылып, айырма бир топ жогору болуп жаткандыгын айтты. Ошондой эле Ош шаарынын аймагында импорттук ундун баасынын жогорулашынан улам, тандыр нанга болгон баанын көтөрүлүп кеткендиги айтылды. Мындан улам нан жасоочу ишкерлерге жергиликтүү ундан пайдалануу сунушу берилди. Анткени баасы да бир топ арзан болорун жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого болгон аракет экендиги баса белгиледи.
Жогорудагы сунуштарды Ош шаарынын Вице-мэри Н.Кадыров колдоого алып, тийиштүү мамлекеттик органдардан жумушчу топ түзүлүп, шаардын ар бир нан жасоочу ишкерлерине жергиликтүү ундан пайдалануу боюнча жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берди.