Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 социалдык объект пайдаланууга берилет
Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиясынын жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык Кеңештин төрагасы Салман Назилбеков, шаардагы мекеме-ишканалардын, жетекчилери катышты.
Күн тартибинде эки маселе каралды. Мында капиталдык курулуш башкармалыгынын 2022-жылда жана 2023-жылдын 4 ай ичинде аткарган иштери жана “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын 2022-жылда жана 2023-жылдын 4 ай ичинде аткарган иштери боюнча кыскача маалыматы угулду.
2022-жылы капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жыл ичинде 3 социалдык обьект, №53 мектептин ашканасы, актовый залы жана Олимп мектеп-гимназиясынын ажатканасы курулган. Беш балдар ойноочу аянтчалары, анын ичинен 3 аянтча жаңыдан курулуп, 2 аянтчада оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлгөн. У. Салиева көчөсүндөгү аллея жана Ж.Мамытов атындагы аллея жасалган. 224-кварталга 2917м таза суу түтүкчөсү тартылып, 50м3 суу топтоочу кампа курулган, ошондой эле 4 км аралыкка электр линиясы тартылган. Жарандардын актылык абалын каттоо бөлүмүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Мындан сырткары 1 теннисттик корт, 1 ФАП, 2 футбол аянтчалары, 3 ирригациялык өтмөктөр, К.Маркс мектебинин ажатканасы саркынды суу тутумуна кошулган, таза суу түтүктөрү жана саркынды суу түтүкчөлөрү тартылган. Республикалык бюджеттен Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында, 7,8 км аралыкка таза суу түтүктөрү тартылган. 2015-2016-жылдары курулуш иштери башталган 2 мектептин курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берилген.
Андан сырткары учурда 2 мектептин жана 1 бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат. Ак-Буура дарыясынын батыш жээгине 3918м саркынды суу түтүктөрү тартылып, Ак-Буура дарыясын эки жээгин бекемдөө, көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, тротуар жана веложол куруу жумуштар уланууда. Бүгүнкү күндө иш-чаралар графигинин негизинде “Бөбөк” бала бакчасына кошумча 100 орундуу кошумча имарат жана Каримов көчөсүнө 100 орундуу бала бакчаны куруу иштери жүрүп жатат. 1 волейбол, 1 футбол жана 1 балдар ойноочу аянтчаларынын куруу иштери башталган.
Үстбүздөгү жылдын апрель айында шаар аймагындагы көчөлөрдүн ирригациялык өтмөктөрүн реконструкциялоо иштери башталып, аяктоо алдында турат. Нөшөрлүү жааган жамгыр жааган мезгилде Ош шаарын калкын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында 6 жаңы скважиналарды, эски иштебей турган 6 скважиналарды реабилитациялоо, 4 даана суу 6000м³ кампаларын куруу иштери жүрүп жатат. Ош шаарынын А.Масалиев жана А.Новаи көчөлөрүнүн кесилишине жөө адамдар өтүү үчүн өтмөктүн курулуш май айында башталуусу күтүлүүдө.
Коллегияда Ош шаарынын аймагында курулуп жаткан маанилүү жана социалдык объектилерди курууда курулуу нормаларынын сакталашына жана сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, өз мөөнөтүндө аткаруу, Ош шаарынын калкын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн курулуп жаткан скважиналардын жана резервуарлардын курулуштарын, Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү жана жашылдандырууну эгемендүүлүк күнүнө карата бүткөрүү тапшырмалары коюлду.
Ал эми “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасына 2022-жылы жергиликтүү бюджеттен шаардын жолдорун оңдоп-түзөө иштерине 207,88 млн сом, республикалык бюджеттен 148,9 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми 2023-жылга шаардын жолдорун оңдоп-түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 350 млн. сом акча каражаты каралган.
2022-жылга шаар боюнча 10922,8м² чуңкурларды жамоо иштери аткарылган. Ал эми 2023-жылга жергиликтүү бюджеттен болжолдуу 14640,0м² чуңкур жамоо иштерин аткаруу мерчемделген. 2023-жылдын 4 ай ичинде жалпы 1923,0м² жолдордун чуңкурлары жамалган. 2022-жылга жергиликтүү бюджеттен узундугу 7,4 км жолдор жана 6,7 км тротуарлар асфальтталган. Ошондой эле республикалык бюджеттен 22 км тротуарларга асфальт төшөлгөн.
Жыйында коллегия мүчөлөрү тарабынан Ош шаарынын аймагындагы жолдорду жана тротуарларды салууда, асфальтоодо жана оңдоп-түзөөдө сапатына өзгөчө көңүл буруп, алдын ала бекитилген графике ылайык бүткөрүү, коммуналдык кызматтар жана жеке жарандар тарабынан казылган шаар аймагындагы автоунаа өтүүчү жолдорду жана жөө жүргүчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү өз убагында кайрадан калыбына келтирилүүнү көзөмөлгө алуу, жаңы асфальтталган жолдорго казуу иштерин кеминде үч жыл уруксат бербөө маселелери коюлду.
“Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасына 2023-жылдын 31-августуна карата Ж.Раимбеков көчөсүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жолдорун асфальттоо, А.Масалиев көчөсүн 3 чакырым аралыгын капиталдык ремонттон өткөрүү, В.Ленин көчөсүндөгү кооптуу аймакка тирөөчү дубал жана бир чакырым жол, “Т” жолун ачуу жана башка Ош шаарына маанилүү долбоорлорду аягына чыгаруу тапшырмасы берилди.