Ош шаарында 68 үй-бүлө кайтарымсыз 100 миң сомдон алышты

 Ош шаарында 68 үй-бүлө кайтарымсыз 100 миң сомдон алышты
Ош шаарында аз камсыз болгон 68 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Иш-чарага мэрдин орун басары Н.Кадыров, ЖК депутаты Ш.Мажитова, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ж.Полотова жана социалдык контракт түзүүгө укук алган үй-бүлөлөр катышты. 68 үй-бүлө чакан бизнес ачуу үчүн мамлекеттен 100 миң сом кайтарымсыз акча каражатын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Эскерте кетсек, Ош шаары боюнча үй-бүлөгө көмөк жөлөк пул алуучуларды колдоо максатында түзүлгөн социалдык контрактты ишке ашырууда Министрлик тарабынан 60 квота бекитилген. Бекитилген квотанын негизинде Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына 105 үй-бүлө социалдык колдоо боюнча арыз берген. Социалдык контрактты ишке ашыруу боюнча убактылуу комиссиянын курамы жобонун талаптарына ылайык түзүлгөн.
Социалдык контракт – бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун жагымдуу шарттарын түзүү жана аларды турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү аракеттерге шыктандыруу, алардын эмгектик потенциалынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

Связанный пост