Ош шаарында үч мамлекеттик дарыкана ачылды
Бүгүн, Ош шаарындагы №8 үй-бүлөлүк медицина борборунда мамлекеттик дарыкананын ачылышы болду. Дарыканага “Эл аман” деп ат коюлду.
Иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Ош шаарынын саламаттыкты сактоо боюнча координатору Эрмек Нурумбетов, милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун, шаардагы медициналык мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.
Дарыканада 800дөн ашык аталыштагы дары-дармектертин түрү бар. Шаар тургундары дарыларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат.
Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты – калкты жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо болуп саналат.
Эскерте кетсек, кечээ Бишкек шаарында да ушундай эле мамлекеттик дарыкана ачылган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 10-ноябрга чейин мындай дарыканалар республика боюнча жер-жерлерде ачылат.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев учурда Кыргызстанда дары-дармектин 700 түрү чыгарын, өлкө боюнча 34 завод иштеп жатканын маалымдады.