Ош шаардык ооруканасынын төрөт стационарында быйыл үч эмдин төрөлүшү бешинчи ирет катталууда

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында быйылкы жылы үч эмдин төрөлүшү бешинчи ирет катталууда.

2023-жылдын 27-август күнү Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Каратаева Гулжамал кош бойлуулуктун 33/2 жумалыгында Ош шаардык төрөт стационарында үч эмди операция жолу менен жарык дүйнөгө алып келди.Үч эм кыздардын салмактары :

👶-1855,0 гр,

👶-1600,0 гр,

👶-1390,0 гр.

Эненин жана ымыркайлардын абалы жакшы. Бул күнгө чейин Гулжамал бир кыздын энеси болсо,эми минтип үч кызды төрөп төрт баланын энеси болгонуна кубанычында чек жок. Кыздардын ысымын Рабия, Алия жана Асия деп аташкан.

Бүгүн, 2023 -жылдын 13-сентябрь күнү ымыркайлар энеси менен биргеликте канааттандырарлык абалда үйгө чыгарылды.

Связанный пост