Ош облусунун Араван районунда текстиль фабрикасы курулат

 Ош облусунун Араван районунда текстиль фабрикасы курулат

Ош облусунун Араван районунда текстиль фабрикасы курулат.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагынын аймагында жайгашкан 10 гектар жерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар үчүн жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтомун бекитти.

 

Жаңы фабриканын, жип ийрүү, трикотаж, боёо жана тигүү цехтеринин курулушу пахтачылыкты өнүктүрүүгө шарт түзүп, жаңы жумуш орундарын түзүү пландаштырылууда.

Связанный пост