Ош облусунун аймагында каттоодо турган куралдар текшерүүгө алынды
Ош облусунун аймагында коомдук коопсуздукту жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында 2023-жылдын 2-августунан 5-августуна чейин каттоодо турган куралы бар жарандарды текшерүү жана мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө каттоодо турган 561 ок атуучу куралы бар жаран, 14 ок атуучу куралы бар объект, 2 өндүрүш багытында жардыргыч заттарды сактаган объект жана 5 белекке берилген курал ээлери текшерилди.
Текшерүү мезгилинде ок атуучу куралды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 9 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексинин 133-134-беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, аларга карата 18000 сом айып салынды.
Түшүндүрүү иштеринин алкагында жарандар тарабынан 4 даана курал ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырылды.
Ок атуучу курал ээси каза болгондугу үчүн 1 даана курал маселе чечилгенге чейин убактылуу алынды.
Ал эми 31 жаран чет өлкөгө миграцияга кеткендигине байланыштуу алардын ок атуучу куралдарынын жоголуп же уурдалып кетишине, ошондой эле ар кандай кокустуктар болуп кетүүсүнө бөгөт коюу максатында курал сакталган жериндеги сейф убактылуу мөөр басылып бекитилди.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы жарандарга эскертет!
Ош облусунун аймагында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.